Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Сузак районунун Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, иштин алкагында адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүздү.
Ошондой эле сертификаттоо сыноолорун өткөрүү үчүн продукциядан үлгүлөр алынды.
“Жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукциянын ченемдик документтердин талаптарына шайкештиги тууралуу чечим кабыл алынат”,–деп айтылат маалыматта.