Суусамырда кар көчкү басып калган чабандын сөөгү табылды

Кырсык 18 Февраль 2026 13:25
636840851_1318175340355189_8467210497021335634_n.jpg
637040839_1318175247021865_516635859621021724_n.jpg
636909152_1318175303688526_6351336701444333142_n.jpg
Алдыга
Артка
636840851_1318175340355189_8467210497021335634_n.jpg
637040839_1318175247021865_516635859621021724_n.jpg
636909152_1318175303688526_6351336701444333142_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Суусамырда кар көчкү басып калган 59 жаштагы Д.А. аттуу чабандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Анын сөөгү бүгүн куткаруучулар тарабынан табылып, көчкүнүн астынан чыгарылды.

Издөө ишин улантуу максатында бүгүн ӨКМден жалпы 27 куткаруучу, 3 адис эки атайын шаймандары менен (георадар жана магнитометр) жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпы 70 адам тартылган.

Эскерте кетсек, 12-февралда Суусамырда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу чабанды 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Ошол убактан тарта издөө иши тынымсыз улантылып келген.