Суу камдап алыңыз! Дачный айылында суу өчүрүлөт

Коом 609 09 Февраль 2026 17:12
1069964900_0_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.13.28.jpeg
Алдыга
Артка
1069964900_0_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-02-09 at 13.13.28.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Дачный айылында 12-февралда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, “Дачный” суу кампасында авариялык-оңдоо иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу суу саат 10:00дөн 16:00гө чейин берилбейт. Бул аралыкта турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле социалдык жана өнөр жай объектилерине суу токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.