Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Күлүйпа Жүзүмалиева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы сүт иштетүүчү ишканада 60 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келет. Ал ишкананын өнүгүшүнө салым кошуп, сүт азыктарын өндүрүү жана экспорттоо менен катар ондогон адамдарды, анын ичинде элеттеги аялдарды жумуш менен камсыз кылууда. Бул тууралуу ал Бишкек шаарында өтүп жаткан “Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай” форумунда “Кабар” агенттигине билдирди.
“Институтту бүткөндө бизди ошол заводго жиберишкен. Мына ошондон бери ошол жерде иштеп, ушул жашка келдим. Буюрса, эмки жылы 60 жыл болот. Завод СССРдин убагында эле ачылган. Жергиликтүү тургундардан сүт чогултуп, кайра иштетип, даяр продукцияны рынокко чыгарат. Анда май, сыр, сүт жана быштак сыяктуу азыктар өндүрүлөт.
Биз сүттү элден чогултуп алабыз. Сапатына жана коопсуздугуна көңүл бурабыз. Кумтөрдү да азык-түлүк менен камсыздайбыз, көлдүн жээгиндеги курорттордо эс алып жүргөн адамдарга да продукциябыз жетет.
Андан сырткары продукциябыз Россияга, Алматыга чыгат. Ишканада 120 киши иштейт, алардын 70 пайызы аялдар. Аялдар эмгектенип, үй-бүлөсүн багып, өздөрүнүн кирешесин таап жатышат”, — деди ал.
Көп жылдык эмгеги менен катар үй-бүлөсүн да алып келген Күлүйпа Жүзүмалиева төрт баланын энеси, неберелеринин жана чөбүрөлөрүнүн чоң энеси.
“Төрт балам, неберелерим, чөбүрөлөрүм бар. Мен үй-бүлөмдү дагы, ишимди дагы баарын чогуу алып кеткенге аракет кылдым. Буга эмгекчилдигимдин аркасы менен жеттим деп ойлойм”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.