Сот системасында санариптик технологияларды колдонуу күчөтүлүүдө

Коом Загрузка... 08 Апрель 2026 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жогорку сот

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Сот системасында санариптик технологияларды колдонуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда онлайн-трансляция менен катар эки иш боюнча видеоконференцбайланыш режиминде сот отурумдары уюштурулду. Ушундай эле формат Ленин райондук сотунда да колдонулду.

Видеоконференцбайланышты колдонуу процесстин катышуучуларына сот залына келбестен, аралыктан сот отурумдарына катышууга мүмкүнчүлүк берди.

Жогорку соттон белгилешкендей, процессуалдык мыйзамдарга "видеоконференцбайланыш" жана "сот отурумун онлайн-трансляциялоо" түшүнүктөрүн бекемдеген өзгөртүүлөр киргизилген.

"Кылмыш иштери үчүн бул өтө актуалдуу: айыпталуучуларды тергөө изоляторлорунан жеткирүү, күбөлөрдүн жана эксперттердин катышуусу — мунун баары убакыт жана ресурстук жактан чоң чыгымдарды талап кылат. Видеобайланышты колдонуу иштерди кароо мөөнөттөрүн кыскартат, транспорттук жана уюштуруучулук чыгымдарды азайтат, процессти жеткиликтүү жана үнөмдүү кылат", — деп белгилешти соттон.

Кошумчалангандай, бүгүнкү сот отурумундагы видеоконференцбайланыштын жүрүшүнө Жогорку соттун аппаратынын жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев жана юстиция министринин орун басары Искендер Сыдыгалиев да күбө болушту.