Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Социалдык тармактардагы сүйлөшүүлөрдө жасалма интеллект, чат-бот жооп берип жатканын байкасаңыз жеке маалыматтарыңызды жөнөтпөңүз. Мындай кеңешин Fusion AI стартап негиздөөчүсү Рамис Жолдошев Бишкекте өткөн "Жасалма интеллект доорунда маалымат жана коопсуздук" форумунда “Кабар” маалымат агенттигине маалымат берүү учурунда билдирди.
Ал үчүнчү тарапка маалым болушу мүмкүн болгон гана маалыматтар менен бөлүшүнү сунуштайт.
“Жасалма интеллект ишкердикте жарандардын, кардарлардын кайрылууларын автоматташтырууда жана иштеп чыгууда кеңири колдонулат. Жарандар тиешелүү тараптар менен WhatsApp же Instagram аркылуу сүйлөшүп маалымат алышса болот. Бирок, туулган жылы, жашаган жери, сүрөтү сыяктуу жеке маалыматтарын жөнөтпөөсү керек.
Андан тышкары, жеке аудио же видеону кимдир бирөөгө, ишенимдүү эмес тарапка жөнөтүүнү сунуштабайм. Анткени, жасалма интеллекттин жардамы менен оңой эле сиздин үнүңүз же келбетиңизди колдонуп, ал аркылуу сиздин жакындарыңызды, тааныштарыңызды алдашы мүмкүн. Эгер ушундай нерселер менен алектенсеңиз сүрөт жана видео жасоодо ишенимдүү сервистерди колдонуңуз. Ал сервистерге кирип сүрөт, видео жасоодо бул кызматтын ишенимдүүлүгүн текшерүү керек. Кандайдыр бир юридикалык жак болуп, алар тараптан жеке маалыматтар корголушу зарыл",- дейт Жолдошев.
Ошондой эле ал азыр интернетте эч кимге ишенбестен бардыгын текшерүү керектигин баса белгиледи.
“Азыр өзгөчө шылуундар Whatsapp аркылуу үнүн жасоо менен жарандарга байланышка чалышат. Ал гана эмес сиздин таанышыңыздын келбетин колдонуу менен видео чалуу жасашы мүмкүн. Так ушул Whatsapp менен чалууларга ишенбеңиздер. Эң жакшысы биздин телефон номерлер менен түз чалуу. Себеби, түз номер менен чалуу байкоого алынгандыктан, шылуундар биздин ички номерлер менен телефон чалуудан коркушат. Мында биздин мамлекеттик органдар оңой байкоого ала алат. Ал эми Whatsapp байкоого алынбайт. Ошондуктан мындай учурлар үчүн Whatsapp колдонбогон ыңгайлуу”,- деди ал.
Белгилүү болгондой, жеке маалыматтар - бул конкреттүү адамды аныктоого мүмкүндүк берген ар кандай маалымат же алардын жыйындысы. Адамдын аты-жөнү, телефон номери, сүрөтү, жеке идентификациялык номери, документтеги маалыматтары, медициналык маалыматтары, кат жазышуулар жеке маалыматтар болуп саналат.
Эскерте кетсек, бүгүн министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Эл аралык жеке маалыматтарды коргоо күнүнө карата "Жасалма интеллект доорунда маалымат жана коопсуздук" аталган улуттук форум өткөрдү. Анда жасалма интеллекттин жана санариптик кызматтардын активдүү өнүгүү шартында жеке маалыматтарды коргоо, санариптик жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.