Соцконтракт. Мамлекет берген 100 миң сомго ишкерликти илгерилеткен айымдар

Аймак Загрузка... 11 Февраль 2025 17:14
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Каармандардын өздүк архивинен

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта социалдык контракт долбоору ишке ашырылып келет. Социалдык контракт – бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип, алар бутуна туруп, жөлөк пулдан баш тартышы үчүн жеке бизнесин ачууга жардам берет. Тактап айтканда, бул долбоордун максаты мамлекет тарабынан калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү. Мамлекет жөн гана акча берип койбостон, социалдык жөлөк пул алгандарга каржылык сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрүп, бизнес-пландарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү, кесиптик же айыл чарбалык билимдерди, социалдык кызматтарды жана ишкерликти ийгиликтүү башкаруу үчүн насаатчылыкты камтыган комплекстүү колдоону кошо көрсөтөт. Бул ирет Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы социалдык жөлөк пул алып ишкерликти колго алган айымдар тууралуу кеп салабыз.

Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын тургуну Салтанат Сүйүнтбекова былтыр мамлекеттен 100 сом өлчөмүндө каражат алган. Ал балдарына ай сайын төлөнө турган жөлөк пулдан баш тартып, ишкерлик баштоону чечкен. Жолдошу экөө заманбап шарты, бассейни бар мончо ачышкан. Бүгүнкү күндө мончого келген кардарлардын саны артып, ишкерликтен жакшы пайда таап жатканын айтат.

«Биз мурда кайнене-кайнатамдардын колунда жашачубуз. Алардын эшигинде мончосу бар эле. Жайдыр-кыштыр элдин аягы үзүлбөй, күндө акча түшүп турганын көрүп, мончо кирешелүү жумуш экен деп калчубуз. Мамлекет ишкерлик кылганга 100 миң сомдон берип жатыптыр дегенди укканда, дароо эле алып, мончо салууну пландадык. Азыр заман талабына ылайык, бардык адамдар ыңгайлуулукка басым жасап калбадыбы. Мындан улам жолдошумдун идеясы менен бассейни бар мончо салабыз деген чечимге келгенбиз.

Албетте мамлекет берген 100 миң сом курулушка толугу менен жеткен жок. Кайнатамдар пескоблок менен дубалын тургузуп, чатырын жаап беришти. А биз болсо 100 миң сомго кафель, пластик, мешин жана башка керектүү нерселерин алдык. Ошентип мончону ишке киргиздик. Бүгүнкү күндө кардарларыбыз көп. Алдын ала жазылып келишет. Көбүнчө бош орун калбай калууда. Күнүнө миң сомдон ашык таза киреше түшүүдө. Балдарыбыздын тамак-ашы, баскан тургандарыбыздан сырткары да акча жыйнап атабыз, ошол акчага 2 кой алып короого киргизип койсокпу деген пландарыбыз бар. Кезинде туура чечим кабыл алып, мончону жакшы эле салып алыптырбыз деп сүйүнүп отурабыз»,-деди Салтанат Сүйүнтбекова.

Ал эми Бел-Алды айыл өкмөтүнүн тургуну Дамира Мажитова 6 баланын энеси. Мурда балдарына айына 6900 сомдон жөлөк пул алса, бүгүнкү күндө 20 миң сомго чейин пайда таап жатканын айтат. Ал тез татым жайын ачып, жайы кышы дебей манты түйүп, тоңдуруп сатат. Жергиликтүү тургундар той-ашка, конокторуна атайын буйрутма менен алып кетеээрин айтат.

«Менин кесибим ашпозчу. Буга чейин деле буйрутма алып, үйлөргө барып той-аштарда ашпозчулук кылчумун. Анан эле айылда мага атаандашуулар пайда болду. Бул сырттан айлык да алат, мамлекеттен да жөлөк пул алат деген сөздөрдү уга баштадым. Ошондон улам ай сайын берилүүчү жөлөк пулдан баш тартып, кичинекей болсо да өз ишимди баштайын деп 100 миң сом алдым. Ага эшиктин алдына жайкы тез татым ачтым. Аябай укмуш шарты жок болгону менен мурда мен үйлөргө барып тойлордо ашпозчулук кылгандыктан, мен жасаган тамактарды билгендер келип тамактана беришет. Апрель айынан баштап жайкы ашканабызды ачып, кардарларды өзүбүздөн кабыл ала баштайбыз. Эшиктин алдына эле 60 кишилик стол коюп, тамак-аш, Токтогулдун айтылуу балыгын кууруп сатабыз. Былтыр жайында идиш-аяк жууганга 1 жардамчы алгам.

Тамакты өзүм жасайм, жолдошум, бала-чакам жардам беришет. Жайкысын тез татым даамдарынын түрүн жасап, келген эл жайкы ашканада отуруп тамактанып кетишет. Кышында отуруп тамактанганга шарт жок болгондуктан, токтотуп койбой, шаурма, манты жасап үйгө жеткирүү менен сатып жатам. Бизде мантынын үч түрү жасалат. Майда манты, ассорти манты жана порция менен сатылган манты. Мантыны килограммдап алып кетишет, конок тосо турган болсо алдын ала буйрутма беришет.

Балдарымдын баары жаш, алтоо тең мектепте окушат. Мурункудай бирөөгө жалданып иштегиче, үйдөн иштеген алда канча жакшы. Ишти да кыла берем, балдарым да жанымда болуп санаам тынч. Анын үстүнө 90 жаштагы кайнатам биздин колубузда, карыган кишиге өз убагында тамагын берип, каралашканга үйдөн иштеген абдан ыңгайлуу экен. Айына 6900 сомдун көзүн карап отургуча, азыр күнүгө акча түшүп турмуш-тиричилигибизге кенен жетүүдө»,-деди ал.

Ал эми Торкен айылынын тургуну Венера Камбарбекова жалгыз бой эне. Жолдошу каза болуп калган, 4 баланы жалгыз тарбиялап келет. Ал мамлекет берген 100 миң сомго 8 баш кой сатып алган.

«Мындан 4 жыл мурун жолдошум өтүп кетти. Балдарым кичинекей эле. Буларды кантип чоңойтом деп ыйлаган күндөрүм болду. Эки кызым 9-классты бүтүп калгандыктан, кичүү 2 балама ай сайын 2700 сомдон жөлөк пул алчумун. Ал акчанын 2 миң сомуна 1 кап ун, 700 сомуна арзыбаган азык-түлүк алып күн кечирип келгенбиз. Иштеп кетейин десем, айыл жергесинде иш жок. Шаарга барып иштейин десем, балдарымды кимге таштайм.

Ошентип кыйналып жүргөн күндө Социалдык камсыздоо бөлүмүндө иштеген кызматкерлер, «Эже ушинтип бөлүп жарып ала бербей, мамлекеттен берилип жаткан 100 миң сомду алып ишкерлик баштап алсаңыз боло» деп айтып калышты. Дароо эле макул болуп, 8 баш ургаачы кадимки эле кыргыз койлорду сатып алдым. Жолдошум барда сарайыбызда мал жандыгыбыз бар эле, жерге берүү, кыркылыгы деп отуруп сатылып жок болду. Ошол бош калган сарайга майда жандык кармайын, бат да көбөйөт, шашылыш болуп калганда бир койду сатсаң эле эң кеми 15 миң сом болот деп майда жандыкка басым жасадым.

Өзүбүздүн жерибиз бар жүгөрү тигип, чөп чарын чаап алабыз. Быйыл кышта азыраак чөп сатып алдым. Азыр койлор бооз. Жакында төлдөп башташат, 3-4 жыл тийбей көбөйтөйүн деп атам. Эки кызымды окута алган жокмун, эми эки баламды окутсам дейм. Балдарым азыр мектепте окуйт. Алар мектепти бүткүчө койлор да көбөйүп калат. Аларды сатып балдарды жогорку окуу жайга окутуп адам кылсам дейм.

Такыр эле үмүтүм үзүлүп калган кезде, мамлекет берген бул жардам келечекке үмүт берди. Койлорду көбөйтүп балдарды окутам деп максат кылып жашап калдым. Буйруса мындан киреше таап, торпок, уй алып, малдын санын көбөйтөм деген максаттарым бар.

Белгилей кетсек, Токтогул району боюнча социалдык контракттын негизинде 2024-жылга 782 аз камсыз үй бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилген. Учурда басымдуу бөлүгү мал чарбачылык боюнча иш алып барууда. Алардын орточо алык кирешеси 9миң сомдон 13 миң сомго чейин. Мониторингде ай сайын чегерилүүчү үй- бүлөгө көмөк жөлөк пулун алып жаткан убакка салыштырмалуу, социалдык келишимдин негизинде ишкерлик баштагандардын жашоо шарты жакшырганы байкалган.