Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. “Социалдык контракт” долбоорунун ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасы үчүнчү ирет старт алды. Бул тууралуу Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Афтандил кызы “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, пайызсыз насыянын өлчөмү 200 миң сомду түзүп, 100 миң сомго чейин жарандар кепилдиксиз ала алышат.
“Ушул аптадан баштап ар бир аймактык башкармалыктарда “Социалдык контракттын” катышуучулары пайызсыз насыя алуу үчүн мамлекеттик банктар болгон “Айыл банк” жана “Элдик банкка” кайрылсаңыздар болот. Пайызсыз насыянын өлчөмү 200 миң сомго чейин белгиленген. Эгер жарандар 100 миң сомго чейин ала турган болсо, эч кандай кепилдиксиз, күрөөсүз ала алышат. Ал эми 100 миң сомдон жогору болсо, атайын бир кепилдик берүүчү адам жана күрөө коюу менен ала алышат. Пайызсыз насыя алуудагы эң негизги башкы талап параллелдүү түрдө башка насыя болбошу керек жана насыялык тарыхы таза болушу зарыл. Пайызсыз насыянын мөөнөтү 3 жылга берилет. Каражат алган жарандарыбыз 3 жылдын ичинде эч кандай пайызы жок насыянын негизги суммасын банктарга төлөй алат. Ал эми пайызы мамлекет тарабынан төлөнөт”,- деди министрликтин өкүлү.
Эскерте кетсек, “Социалдык контракт” программасы — бул мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акча берип, алардын өз алдынча иш баштоосуна жардам берген программа. Анын негизинде үй-бүлө мамлекет менен келишим түзүп, берилген каражатты ишкердик же киреше алып келе турган ишке жумшоого милдеттенет.
Максаты — адамдарды жөн гана жардамга көз каранды кылбай, өз күчү менен жашоосун жакшыртууга шарт түзүү.