“Социалдык контракт”. Быйыл 13 миңден ашык жаран 150 миң сомдон алат

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 10:55
WhatsApp_Image_2025_rJbp7IW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Быйыл 13 миңден ашык жаран “Социалдык контракт” программасы аркылуу 150 миң сомдон каражат алат. Бул тууралуу Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган министрлик тарабынан быйылкы жылга карата 13 миң 333 үй-бүлө менен социалдык контрак түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Андан тышкары, “Социалдык контракт” программасынын катышуучуларына “Элдик банк” жана “Айыл банк” тарабынан 200 сом өлчөмүндө пайызсыз насыя берүүгө да мүмкүнчүлүк жаралды. Программанын катышуучуларынын ичинен айыл чарба тармагында ишкерлик жүргүзүп жаткан үй-бүлөлөр болсо акысыз окутуулар уюштурулат. Эгер айыл чарба тармагында билимиңиздерди тереңдетем десеңиздер биздин башкармалыкка кайрылып, акысыз окутуулардан өтсөңүздөр болот”,- деди Токтосунов.

Эскерте кетсек, өлкөдө 2022-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу, аларды өз алдынча иш менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында "Социалдык контракт" программасы ишке ашууда. Расмий маалымат боюнча, акыркы 3 жылдын ичинде жалпы 3 млрд сомдон ашык каражатка 35 миң 226 үй-бүлө менен “Социалдык контракт” түзүлгөн. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын өскөндүгүнө байланыштуу 2025-жылдын март айында социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлгөн.