Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө словениялык компанияга Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, экономиканын негизги багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү долбоорлор тууралуу маалыматтар тааныштырылды.
"Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташууга ачык жана заманбап технологияларды, ошондой эле эл аралык компаниялардын тажрыйбасын тартууга кызыкдар. Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз", — деди агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Тараптар энергетика жана экономиканын башка артыкчылыктуу тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. RIKO компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда иш алып баруу шарттарын жана келечектүү долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуу Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого негиз түздү.