Швейцарияда конфискацияланган 182 млн доллар Өзбекстанга кайтарылат

Борбор Азия Загрузка... 07 Февраль 2025 10:20
photo_07.jpg

Ташкент, 07.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент менен Берн мурда Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш ишинин алкагында Швейцарияда конфискацияланган дагы 182 млн долларды Өзбекстанга которууну макулдашты.
Тиешелүү келишимге Өзбекстандын юстиция министри Акбар Ташкулов менен Швейцариянын элчиси Константин Оболенский күн мурун кол коюшту, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

Каражат БУУнун Өзбекстандагы Vision 2030 көп өнөктөштүк трасттык фонду аркылуу төлөнөт. Каражаттын саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы социалдык долбоорлорду каржылоого жумшалышы белгиленген.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын биринчи президентинин кызына карата кылмыш ишин Швейцариянын Башкы прокуратурасы 2012-жылы козгогон. Андан бери өлкө бир нече жолу мыйзамсыз алынган мүлктөрдү кайтарып берген.