Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу максатында ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
Ведомствонун маалыматына караганда, аскер кызматчылары коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда.
“Кызмат өтөө учурунда Ички аскерлердин өздүк курамы ички иштер органдарынын кызматкерлери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.