Мирзиёевдин мамлекеттик сапары: Кыргызстандын делегациясынын курамы

Саясат Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 14:20
photo_5429596801641159014_y (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанда мамлекеттик сапары уланууда.

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.

Жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Кыргыз тараптан делегациянын курамына төмөнкү кызмат адамдары киргендиги маалым болду: 


– министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков;


– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;


– президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинети чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев;

– президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;


– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип;


– экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков;


– транспорт министри Талантбек Солтобаев;


– энергетика министри Алтынбек Рысбеков;


– Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов;


– коргоо министри Руслан Мукамбетов;


– Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев;


– президенттин жардамчысы Нурсултан Усубалиев;


– президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.