Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды — Кабар

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды

Саясат 30 июль 2026 13:35
photo_5429596801641159022_y.jpg
photo_5429596801641159024_y.jpg
photo_5429596801641159028_y.jpg
photo_5429596801641159027_y.jpg
photo_5429596801641159026_y.jpg
photo_5429596801641159025_y (1).jpg
photo_5429596801641159024_y.jpg
photo_5429596801641159023_y.jpg
photo_5429596801641159021_y.jpg
photo_5429596801641159020_y.jpg
photo_5429596801641159019_y.jpg
photo_5429596801641159018_y.jpg
photo_5429596801641159017_y.jpg
photo_5429596801641159016_y.jpg
photo_5429596801641159015_y.jpg
photo_5429596801641159014_y.jpg
photo_5429596801641159013_y.jpg
photo_5429596801641159012_y.jpg
photo_5429596801641159011_y.jpg
photo_5429596801641159010_y.jpg
photo_5429596801641159009_y.jpg
photo_5429596801641159008_y.jpg
photo_5429596801641159007_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5429596801641159022_y.jpg
photo_5429596801641159024_y.jpg
photo_5429596801641159028_y.jpg
photo_5429596801641159027_y.jpg
photo_5429596801641159026_y.jpg
photo_5429596801641159025_y (1).jpg
photo_5429596801641159024_y.jpg
photo_5429596801641159023_y.jpg
photo_5429596801641159021_y.jpg
photo_5429596801641159020_y.jpg
photo_5429596801641159019_y.jpg
photo_5429596801641159018_y.jpg
photo_5429596801641159017_y.jpg
photo_5429596801641159016_y.jpg
photo_5429596801641159015_y.jpg
photo_5429596801641159014_y.jpg
photo_5429596801641159013_y.jpg
photo_5429596801641159012_y.jpg
photo_5429596801641159011_y.jpg
photo_5429596801641159010_y.jpg
photo_5429596801641159009_y.jpg
photo_5429596801641159008_y.jpg
photo_5429596801641159007_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Бүгүн, 30-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди анын мамлекеттик сапарынын алкагында расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.

Азем “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлдү. Аянтта Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары көтөрүлүп, Ардак кароол тизилип, салтанатка 40 этно-жоокер катышты.

Өз ара саламдашуудан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол катарын кыдырып чыгышты. Президент Шавкат Мирзиёев аскер кызматкерлери менен: “Салам, аскер!” – деп саламдашты.

Мындан соң эки өлкөнүн лидерлери расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышышты.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев бетме-бет сүйлөшүү өтө турган боз үйгө карай бет алышты. Сүйлөшүүлөрдүн алдында биргелешип сүрөткө түшүү аземи болду.