Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктары Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент Загрузка... 30 Март 2025 10:32
IMG_3895.jpeg
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.03.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштар барган сайын бекемделип жана тереңдеп баратканы абдан кубандырат.

Ушул күндөрү Худжанд шаарында боло турган чын ыкластуу диалог жана бардык келишимдер Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн масштабынар тараптуу кеңейтүүгө, боордош элдерибиздин ортосундагы өз ара ишенимдин жана сый-урматтын маанайын мындан ары чыңдоого өбөлгө болот деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.