Шайназаров: Шайлоо ачык жана мыйзам бузуусуз өттү

Шайлоо Загрузка... 23 Декабрь 2025 15:28
WhatsApp Image 2025-12-23 at 15.26.51.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Парламенттик шайлоо жогорку уюштуруучулук деңгээлде, эч кандай одоно мыйзам бузууларсыз жана ачык өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрөгасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, шайлоо процессинин ачык-айкындыгынын негизги далили катары добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле шайлоодон кийин массалык башаламандыктардын жана митингдердин болбогонун айтууга болот.

“Биз өлкөнүн тарыхында дайыма шайлоодон кийин ар кандай нааразылык акциялары болгонун жакшы билебиз. Бул жолу мындай жагдайлар болгон жок”, - деди ал.

Тынчтык Шайназаров шайлоодон кийинки туруктуу коомдук-саясий кырдаал эч кандай коомдук чогулуштарга жана пикир билдирүүгө тыюу салуу менен байланышы жок экенин баса белгиледи.

“Жарандар шайлоонун таза жана ачык өткөнүнө ынанды”,-деди ал.

Муну менен катар, төрага шайлоочуларды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин бузуу фактылары боюнча жарандардан келип түшкөн даттануулар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо процессин уюштуруу маселелерине тиешеси жок экенин белгиледи.

“Шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы мамиле ушундай. Шайлоону өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы гана жооптуу жана комиссия бул милдетти аткарды”, - деп баса белгиледи ал.

Шайназаров ошондой эле шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, Борбордук жана аймактык шайлоо комиссиялары өз ишин тийиштүү деңгээлде жүргүзгөнүн белгиледи.