Салыктык реформалар уланууда, бизнес көмүскөдөн чыгып жатат – Кубанычбек Ысабеков

Экономика Загрузка... 11 Март 2025 14:14
f935a705-b1ea-413c-9dc7-20c1398b3bd7.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бизнестин ачыктыгын жогорулатууга жана салыктык башкарууну жакшыртууга багытталган салык реформасын улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, негизги өзгөртүүлөрдүн бири катары патент системасы менен иштеген ишкерлердин үлүшүн кыскартуу жана алардын ачык-айкындыкты камсыздаган салык режимине өтүүсү болду.

“Буга чейин ишкерлердин көп бөлүгү патенттик системаны колдонушкан жана алардын жүгүртүүсү көп учурда белгиленген чектен ашып кеткен. 2022-жылы мындай ишкерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу менен каттоого өткөрүү чечими кабыл алынган, ошондой эле соода жүгүртүүсү 8 млн сомго чейинки чакан бизнес үчүн салык жүгүн минималдаштыруу максатында тариф нөлгө түшүрүлгөн. Бирок бул ишкерлер арасында нааразычылыктарды жараткан, алардын айрымдары патентте калып, иш жүзүндө 200, 300, ал тургай 500 млн сомдук товар жүгүртүүсү бар экени белгилүү болду”, - деди ал.

Ысабеков белгилегендей, реформалардын ийгилигине карабастан, чакан жана орто бизнес электрондук эсеп-фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү менен байланышкан бир катар кыйынчылыктарга туш болду. Бул өзгөртүүлөр көптөгөн ишкерлер үчүн сезилерлик кыйынчылыктарды жаратып, бул кээ бир ыкмаларды кайра карап чыгууну жана кошумча жеңилдиктерди киргизүүнү талап кылды.

Мындан тышкары, чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү иш кагаздарды каттоодогу маселени ачыктады. Кээ бир ишкерлер салык отчетунан качуу үчүн товарды эсеп-фактурасы жок сатып алууну туура көрүшөт. Буга байланыштуу Салык кызматы бизнес жүргүзүүгө ачык-айкын шарттарды түзүү үчүн чек арада жана өлкө ичинде көзөмөлдү күчөтүүнү пландоодо.

“Учурда бизнес жүргүзүлүп жаткан реформалардын шарттарында өткөөл абалда турат. Биз өзгөрүүлөр дайыма эле оңой боло бербестигин түшүнөбүз, бирок алар ачыктыкты жана туруктуу салык системасын түзүү үчүн зарыл”, - деп баса белгиледи Кубанычбек Ысабеков.