Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Салыктык башкарууну санариптештирүүдө бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбасы колдонулууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кочкоров Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин салык багытындагы кызматташтыгы боюнча семинарда билдирди.
Анын айтымында, алардын сап башында Россия Федерациясы турат.
“Бүгүнкү өтүп жаткан семинар эки өлкөнүн салыктык башкаруунусанариптештирүүсүндөгү тажрыйба алмашуусу үчүн жакшы аянтча болмокчу. Россия Федерациясы бул жаатта жакшы өнүккөн. Бир эле мисал айтып кетейин. Россияда такси кызматынын айдоочусунун телефонунда “Яндекс” тиркемеси бар. Ал ошол тиркемеден эле “салык төлөө” бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакытты тандап, салыкты үйдөн отуруп эле төлөй алат. Ар ай сайын отчет тапшырып, барып кезекке туруп каттоого туруштун эч кажети жок. Канча төлөшүм керек деп дагы ойлонуп жүрбөйт. Тиркемеде эле баары ачык-айкын көрсөтүлүп турат. Бул салык төлөөчүлөргө болгон ыңгайлуу шарт”,-деди ал.