Салык кызматынын төрагасы "Кока-Кола" заводунун иши менен таанышты

Экономика 24 июль 2025 11:33
521913683_1035743928730914_3771745091674762884_n.jpg
520164766_1035743818730925_402239033103544889_n.jpg
521712217_1035743575397616_4519685282758600417_n.jpg
521730029_1035743925397581_2979137759117207064_n.jpg
521958621_1035743815397592_3660760030001188511_n.jpg
521960551_1035743412064299_1261777637026724091_n.jpg
522092951_1035743688730938_900207690760360755_n.jpg
522100880_1035743842064256_5335925966038388361_n.jpg
522113636_1035743558730951_5469750119954962092_n.jpg
522162913_1035743448730962_8932068483177476706_n.jpg
523504432_1035743702064270_1329573293394556521_n.jpg
523784486_1035743555397618_2645251648399103262_n.jpg
523815761_1035743705397603_7589768920219890629_n.jpg
524174027_1035743438730963_6005313728463828876_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 24.07.25 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бишкек шаарындагы алкоголсуз бөтөлкөдөгү суусундуктарды өндүрүүчү “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” жабык акционердик коомунун заводуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Салык кызматынын жетекчисинин жумуш сапарынын жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү ишкананын ишмердүүлүгү, аны өнүктүрүү жана келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле суусундуктарды өндүрүү, бөтөлкөлөргө куюу жана маркалоо процесстери көрсөтүлдү.

"Сапарыбыздын максаты — өндүрүш процесси менен таанышуу гана эмес, коомчулукка ар бир суусундук чыгаруучу ишкана керектөөчүлөрдүн саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин түшүнүүсүн жеткирүү. Мындай компаниялардын ишмердүүлүгү жогорку эл аралык стандарттарга шайкеш келиши керек, дал ушундай талаптарга «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» заводу жооп берет", — деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Мындан тышкары ал, компаниянын өлкөнүн экономикасына кошкон салымынын маанилүүлүгүнө токтолду: "Сиздердин компанияңыздар — Кыргызстандагы алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Бизде ушундай ийгиликтүү жана жоопкерчиликтүү ишканалардын бар экениндиги кубандырат",— деди ал.

Андан ары Салык кызматынын башчысы алкоголсуз суусундуктарды акциздик маркалар менен милдеттүү маркалоо боюнча талаптардын аткарылышы менен таанышты.

Алмамбет Шыкмаматов белгилегендей, Салык кызматы сапатсыз жана жасалма продукциядан коргонуу үчүн жарандар суусундуктарды сатып алууда оригиналдуу капкагынын жана чыныгы акциздик марканын бар экенине көңүл буруусу зарыл.

"Мындан ары дагы керектөөчүлөрдүн саламаттыгын коргоо максатында акциздик маркалардын дизайны жана сапаты жакшыртылат, ошондой эле тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда", — деп жыйынтыктады Алмамбет Шыкмаматов.

Эске салсак, Салык кызматы ири салык төлөөчүлөрдү колдоону улантып, бизнес-чөйрөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн күч-аракетин жумшоодо.