МСК маалымат борбору I кварталда жарандардын 48 миңден ашык чалууларын иштеп чыкты

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 12:45
Maalymat-borboru.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-март айларында Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору жарандардын 48 миң 434 кайрылуусун иштеп чыгып, салык салуу маселелери боюнча консультацияларды берди.

Ведомстводон билдиришкендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 6 миң 355ке көп.

Эң көп кайрылуулар салыктык отчетторду толтуруу жана берүү, салыктык каттоо, Салык кызматынын электрондук кызматтарын пайдалануу, мүлктүк салыктар, салык декларациясын тапшыруу, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, ошондой эле карыздын жоктугу жана салык салуунун башка аспектилери жөнүндө маалымкат алуу менен байланышкан маселелер боюнча болду.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 12 айында Салык кызматынын Маалымат борборуна жарандардан актуалдуу салык маселелери боюнча 199 миң 55 кайрылуу келип түшкөн. 2023-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 19 миң 105 кайрылууга көбөйгөн.