Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары — Мирлан Рахманов жана Кубанычбек Ысабеков Temu электрондук соода платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолушуууга Башкы прокуратурасынын жана "Кыргыз почтасы" ААКтын өкүлдөрү дагы катышты.
Жолугушуунун негизги темасы платформанын каттоодон өтүүсү жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү маселелери болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча пикир алмашып, онлайн чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салыктык милдеттемелерди аткаруу механизмдерин талкуулашты.
Temu платформасынын өкүлдөрү жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын аткарууга кызыктар экендигин билдиришип, Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн каттоого даяр экендигин тастыкташты.
Жыйынтыгында катышуучулар эл аралык электрондук сооданын өнүгүшү, ишкердик демилгелер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында конструктивдүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ачыктык жана диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.