Санарип салык. Түштүк Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанда колдонулушу мүмкүн

Экономика Загрузка... 23 Апрель 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында Түштүк Кореянын Douzone Bizon компаниясынын делегациясы менен жолугушуу өтүп, салык башкарууну санариптештирүү боюнча кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда кыргыз тарапты Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков жетектеди, ал эми кореялык делегациясынын курамында Douzone Bizon компаниясынын жетекчилери катышты.

Салык кызматында өткөн жолугушууда кореялык Douzone Bizon компаниясы санариптик салыктык башкаруу жана ERP-системалар боюнча интеграцияланган чечимдерди сунуштап, Кореянын тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кыргыз тарап бул тажрыйбаларды изилдөөгө жана заманбап IT-чечимдерди улуттук салык системасына киргизүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Кореянын ортосунда санариптик мамлекеттик башкаруу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.