Салык кызматы "нөлдүк" отчетторду берүүнүн кажети жок экенин эскертет

Экономика Загрузка... 02 Апрель 2025 11:16
d100633f-a4c8-402b-a566-193cc708dede.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мыйзамга ылайык Салык кодексиндеги салык төлөөчүлөрдү "нөлдүк" көрсөткүчтөр менен отчетторду берүүдөн бошоткон өзгөртүүлөр тууралуу эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул өзгөртүү бирдиктүү салык декларациясына тиешелүү эмес, аны белгиленген тартипте тапшыруу керек.

Бул өзгөртүү мурунку отчеттук мезгилдерге, анын ичинде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдерге да жайылтылат, анткени ал салык төлөөчүлөрдүн абалын жакшыртууга жана мурда жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти алып салууга багытталган.