Салык кызматы менен банктардын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселеси талкууланды

Экономика 1300 11 Февраль 2025 15:15
477189417_917304113908230_2909169159658150466_n.jpg
476977818_917304110574897_9182091676777884218_n.jpg
476844604_917304230574885_1779591458142161494_n.jpg
476917335_917304117241563_8089457391987510987_n.jpg
476951219_917304187241556_293971200069487886_n.jpg
Алдыга
Артка
477189417_917304113908230_2909169159658150466_n.jpg
476977818_917304110574897_9182091676777884218_n.jpg
476844604_917304230574885_1779591458142161494_n.jpg
476917335_917304117241563_8089457391987510987_n.jpg
476951219_917304187241556_293971200069487886_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Салык кызматында салыктык башкарууну жакшыртуу жана электрондук сервистери менен интеграциялоо маселелери боюнча банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеге Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Кубанычбек Ысабеков жана Нурлан Үмтулов, Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, ошондой эле Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги темасы Салык кызматы менен банк секторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер, ошондой эле салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында электрондук сервистерди интеграциялоо болду.

Салык кызматынын адистери банк секторуна административдик жүктү азайтууга багытталган жаңы санариптик куралдар жана аларды андан ары өнүктүрүү пландары жөнүндө маалымат беришти.

Банк секторунун өкүлдөрү учурдагы көйгөйлөрдү жоюу жана өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн конкреттүү чечимдерди сунушташты.

Катышуучулар финансылык жана ишкердик иш жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар Салык кызматы менен банк секторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү боюнча биргелешкен сунуштарды даярдоону макулдашышты, бул салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана мамлекет менен банктардын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берет.