Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Бизнести агартуу кербени – салык реформасынын чакырыктары" долбоорун кайрадан ишке киргизүүдө.
Ведостводон билдиришкендей, долбоордун алкагында чакан жана орто бизнестин актуалдуу маселелерине арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Анын ичинде салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр жана салык реформасынын негизги аспектилери каралат.
"Бизнести агартуу кербени" JIA бизнес ассоциациясы жана Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.
Мындан сырткары, катышуучулар Салык кызматынын кызматкерлеринен жеке консультацияларды ала алышат.
Долбоор төмөнкү графикте өткөрүлөт:
- 5-мартта - Жалал-Абад шаарында, Барпы атындагы кыргыз драма театрында (Эркиндик көч., 24/5), башталышы 10:00. Толук маалымат: 0778 253 038;
- 26-мартта - Ош шаарында, ОшМУнун конференц-залында (2-кабат), башталышы 10:00. Толук маалымат: 0556 074 792;
- 27-мартта - Баткен шаарында, КР президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын конференц-залында (Т. Сыдыков көч., 1), башталышы 11:00. Толук маалымат: 0553 819 388;
- 1-апрелде - Нарын шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0509 913 791;
- 3-апрелде - Каракол шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0998 777 307;
- 8-апрелде - Талас шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0556 766 667;
- 10-апрелде - Токмок шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016;
- 15-апрелде - Кара-Балта шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016;
- 16-апрелде - Бишкек шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016.