Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүндөн тарта элдик жолугушуулар өтөт

Коом Загрузка... 11 Май 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-05-11 at 10.16.37.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-майдан тарта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдөгү облус жетекчилери, район башчылары, шаар мэрлери жана айыл өкмөт жетекчилери эл менен жолугушуу өткөрөт. Бул иш-чаралар бюрократияны азайтуу жана жергиликтүү маселелерди ыкчам чечүү максатында уюштурулууда.

Мында ар бир жетекчи өз графигине ылайык, жер-жерлерде тургундар менен кездешип маселелер жеринде угулат. Президент буга чейин жетекчилерди эл менен тыгыз байланышта болууга чакырып, айтылган көйгөйлөр чечилбесе чара көрүлөөрүн эскерткен.

Мамлекет башчысы жолугушууга элди да активдүү катышууга чакырып, жөндүү маселелерди көтөрүп эле тим болбой, сунуш-пикир да айтууга үндөгөн.

Жолугушуулар жергиликтүү деңгээлде чечилбеген, таза суу, мектеп жана жол сыяктуу маселелерди аныктоого багытталган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары УТРК, ЭлТР телеканалдарынан түз эфирде көрсөтүлөт.