Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген жыйын өтүүдө.
Жыйында "БУУ адилеттүү дүйнөлүк тартиптин негизги элементи катары: ШКУга кошулган мамлекеттердин көп полярдуу дүйнөнүн калыптанышына кошкон салымы" деген теманын алкагында сунуштар айтылууда.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун, анын ичинде анын Коопсуздук кеңешинин реформасын колдой турганын белгиледи.
“Бүгүн биз эл аралык мамилелердин келечегинин пайдубалына тиешелүү теманы – адилеттүү, көп полярдуу дүйнөнү калыптандыруудагы Бириккен Улуттар Уюмунун ролун талкуулап жатабыз.
Кыргызстан көп полярдуулукту жалпы маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү катары карайт.
Бул ар кандай өнүгүү жолдорун таануу, маданияттарды жана каада-салттарды сыйлоо жана дүйнөнүн тагдыры үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана жоопкерчиликтерди бирдей бөлүштүрүү дегенди билдирет.
Биз үчүн адилеттүүлүктүн негизги критерийи – ар бир мамлекеттин үнү эске алынышы жана эл аралык нормалар баарына бирдей колдонулушу.
Мына ошондуктан Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюму пайда болуп жаткан көп полярдуу дүйнөнүн пайдубалы бойдон калышы керек деп бекем ишенет.
БУУ – бул идеалдуу механизм эмес.
Бирок, учурдагы кемчиликтер Уюмдун ролун алсыратууга же аны айланып өтүүгө себеп болбошу керек.
Тескерисинче, алар БУУну чыңдоо, анын натыйжалуулугун жогорулатуу жана механизмдерин заманбап реалдуулукка ылайык жакшыртуу үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун, анын ичинде анын Коопсуздук кеңешинин реформасын колдойт.
Мындай реформа кеңири консенсус аркылуу ишке ашырылышы керек”, - деди президент.