Садыр Жапаров Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитетинин депутаттарын кабыл алды

Президент Жүктөлүүдө... 26 Февраль 2025 15:49
481306804_1161515322649767_5973441117128319463_n.jpg
482067472_1161515315983101_2858837121710669657_n.jpg
481309995_1161515702649729_9140661918011758969_n.jpg
481162903_1161515669316399_1299245048842687423_n.jpg
482301823_1161515582649741_4016668577054631002_n.jpg
481256181_1161515569316409_4427728263901279673_n.jpg
480791508_1161515535983079_2380853114225274531_n.jpg
481354882_1161515459316420_2117449860392344103_n.jpg
481675405_1161515422649757_4684301053337212204_n.jpg
480833447_1161515455983087_1859531079897277708_n.jpg
480881011_1161515319316434_2847267730541165098_n.jpg
481165018_1161515312649768_7171046592867604588_n.jpg
Алдыга
Артка
481306804_1161515322649767_5973441117128319463_n.jpg
482067472_1161515315983101_2858837121710669657_n.jpg
481309995_1161515702649729_9140661918011758969_n.jpg
481162903_1161515669316399_1299245048842687423_n.jpg
482301823_1161515582649741_4016668577054631002_n.jpg
481256181_1161515569316409_4427728263901279673_n.jpg
480791508_1161515535983079_2380853114225274531_n.jpg
481354882_1161515459316420_2117449860392344103_n.jpg
481675405_1161515422649757_4684301053337212204_n.jpg
480833447_1161515455983087_1859531079897277708_n.jpg
480881011_1161515319316434_2847267730541165098_n.jpg
481165018_1161515312649768_7171046592867604588_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-февралда, Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган депутаттарын кабыл алды.

Кыргызстан менен Европа Бирлиги ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу сыяктуу маселелердин кеңири спектри талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан жана Европа Бирлиги эки тараптуу жана аймактык демилгелерди камтыган конструктивдүү жана көп кырдуу кызматташтыкты колдой турганын өзгөчө баса белгиледи. Акыркы жылдары бир катар маанилүү жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана сапарлар болуп өттү, анын ичинде Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ошол эле учурда президент республика бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын өкүнүч менен белгиледи, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турат.

“Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун активдүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда.

Буга байланыштуу аталган резолюцияларды даярдоодо Европа тарап кыргыз тараптан түшүндүрмө же кошумча маалымат сурабаганы таң калтырат", - деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури мамлекет башчысына кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы стратегиялык кызматташтык маанилүү милдет экендигин баса белгиледи. Ал ачык диалогго даяр экендигин ырастап, жолугушуунун жыйынтыгы тараптар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө олуттуу салым кошоорун кошумчалады.

Мунир Сатури Садыр Жапаровду коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча жетишкендиктери менен куттуктады. Ал Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Венеция комиссиясынын сунуштамаларын толугу менен аткарып, демократия жана адам укуктарын коргоо принциптерине берилгендигин көрсөтүп жатканын өзгөчө белгилеп өттү.

Ал ошондой эле жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Европарламенттин депутаттары "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрүнүн биринин кармалышына байланыштуу тынчсызданууларын да белгилешти.

Аталган иш боюнча толук маалымат берүү максатында жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырылып, алар адам укуктары боюнча кичи комитетинин депутаттарынын суроолоруна кеңири жооп беришти.

Шайлоочуларды сатып алуу иши боюнча маалыматты угуп, Садыр Жапаров Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүп, Европанын ар бир өлкөсү менен достук жана өнөктөштүк мамилелерге умтуларын белгиледи.

"Айрым саясатчылардын ишмердүүлүгүнө байланышкан майда маселелер кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тоскоол болбошу керек", - деп президент баса белгиледи.

Кичи комитеттин төрагасы Мунир Сатури Мамлекет башчысынын пикирин колдоп, тараптардын өз ара аракеттенүүсү айрым партиялардын маселелери менен чектелбеши керектигин айтты. Ал митингдер жана демонстрациялар дүйнө жүзү боюнча өтүп жатканын, бардык жерде саясий ишмерлерди кармоо болуп жатканын кошумчалады. Бирок Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандын сот инстанциялары кармалгандарга эркиндик берүү менен гумандуулукту көрсөттү.

Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Фарнхаммер республиканын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин баса белгиледи. Ал Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволору Евробирлик менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча олуттуу иштерди аткарып жатканын айтып берди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, мамлекет башчысы Европа Бирлиги менен диалог Кыргызстан үчүн маанилүү приоритет болуп кала берерин белгиледи. Ал жолугушуу жемиштүү өтүп, конструктивдүү пикир алмашууга өбөлгө түзгөнүнө ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Европа парламентинин депутаттары Кыргызстандагы абал тууралуу өз кесиптештерине жана жалпы эле Европа коомчулугуна объективдүү жана ар тараптуу маалымат жеткирүүгө ишенерин белгиледи.