Садыр Жапаров: Быйыл 4600дөн ашык үй-бүлө батир алды

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-12-25 at 11.36.19.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Быйыл 4600дөн ашык үй-бүлө батир алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бул көрсөткүч акыркы төрт жылдагы жалпы берилген турак жайлардын жарымын түзөт.

“2021-жылдан бери өлкө боюнча 9250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду. “Менин үйүм” мамлекеттик программасы чыныгы элдик долбоорго айланды десек болот. 2025-жылы турак жайлар курулушун каржылоо 40 млрд сомдон ашты. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп”, - деп белгиледи президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров учурда бардык аймактарда 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатканын айтты.

“Курулуштун чоң бөлүгү Бишкекте жана Чүй облусунда, ошол эле маалда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустары да мамлекет тарабынан татыктуу колдоого алынып, ипотекалык үйлөр салынып жатат”, - деди ал.