Чолпон-Ата, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан темир жол, автоунаа, авиация жана мультимодалдык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда билдирди.
Президент белгилегендей, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү биргелешкен иштин негизги багыттарынын бири жана бул багытта өлкөлөрдүн инфраструктуралык долбоорлорунун өз ара айкалышын жана толуктоосун камсыз кылуу маанилүү.
Мамлекет башчысы ири долбоорлордун катарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун белгиледи. Ошондой эле энергетикалык кызматташтык туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору экенин айтып, электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча жетишилген макулдашууларды жогору баалады. Мында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан "Камбар-Ата ГЭС-1" долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барып жатканы белгиленди.
Президент ошондой эле өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бекем негизи болуп маданий жакындык, жалпы тарых жана салттуу байланыштар эсептелерин маалымдады. Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтык чоң потенциалга ээ экени айтылды.
“Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайжан дүйнөгө байыркы шаарлары, Улуу Жибек жолунун эстеликтери, тоо жана көл ландшафттары, улуттук салттар жана маданий көп түрдүүлүк менен өзгөчөлөнгөн уникалдуу мурастарды сунуштай алат. Кыргызстан чет элдик жарандар үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө бирдиктүү туристтик визаны киргизүү демилгесин көтөргөн. Бул демилгени колдогону үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирем. Ошондой эле бул багытта башка мамлекет башчыларынын да колдоосуна ишенем”, - деди Жапаров.
Президент тышкы саясий ведомстволорго макулдашылган позицияларды иштеп чыгуу үчүн кеңешмелерди активдештирүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Түркмөнстандын Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларындагы төрагалыгын жогору баалап, өлкө президенти Сердар Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле өлкө башчысы 2026-жылдын 8-октябрында Аваза шаарында өтө турган кезектеги VIII консультативдик жолугушууга чакыруу үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстан саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө өз салымын кошууга даяр экенин белгиледи.