Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барды

Президент 14 октябрь 2026 22:00
IMG_8818.jpeg
IMG_8817.jpeg
IMG_8820.jpeg
IMG_8821.jpeg
IMG_8819.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8818.jpeg
IMG_8817.jpeg
IMG_8820.jpeg
IMG_8821.jpeg
IMG_8819.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барды.

Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон президентти Садыр Жапаровду Азербайжандын вице-премьер-министри Самир Шарифов тосуп алды.

Эске салсак, мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кеңешменин жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.