Россиядагы миграциялык мыйзамдардын катаалдашы: Эмнелерди билүү зарыл?

Коом Загрузка... 28 Апрель 2026 16:15
377909.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Акыркы убакта Россиянын миграциялык мыйзамдарында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, чет элдик жарандар анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн талаптар кыйла катаалдашты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен “Кабар” маалымат агенттигине билдиришкендей, бул өзгөрүүлөр коопсуздукту камсыздоо жана миграциялык агымдарды санариптик көзөмөлгө алуу максатын көздөйт.

Маалымдалгандай, эң биринчиден чет өлкөлүктөрдүн Россиянын аймагында жашап туруу мөөнөтү кыскартылды. Эми жашап турууга уруксаты, эмгек келишими же жарандык-укуктук келишими жок жарандар бир жыл ичинде 90 күндөн ашык жүрө алышпайт. Буга чейин бул мөөнөт 180 күн болгон.

“Белгилүү болгондой, көзөмөлгө алынган адамдардын реестри түзүлүп, чыгаруу режими киргизилген. Бул тизмеге кирген адамдар банктык операцияларды жүргүзүп, транспортту башкара алышпайт, мүлк сатып алууда жана башка чектөөлөргө дуушар болушат. Натыйжада алар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болот. Ошондой эле полиция чет элдик жарандарды мыйзам бузуулар үчүн чыгаруу боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алуу укугуна ээ болду. Ал эми буга чейин мындай чечимдерди сот гана кабыл алган”,- деп белгилешти министрликтен.

Санариптик көзөмөл жана биометрика

Чек арада биометрикалык маалыматтарды чогултуу милдеттендирилип, сүрөткө тартуу жана манжа изин тапшыруу бардык өткөрүү пункттарында милдеттүү болуп калды. Башында бул практика Москванын аэропортторунда жана Оренбург облусундагы “Маштаково” пунктунда эксперимент катары иштеген. 2025-жылдын 1-декабрынан баштап бул эреже Россиянын бардык чек ара бекеттеринде колдонулууда. Буга чейин биометрикалык маалыматтар миграциялык борборлордо гана чогултулуп келген.

Санариптик жаңылыктардын катарында төмөнкүлөр бар:

- RuID тиркемеси: Россияга келүүчүлөр үчүн алдын ала каттоо куралы. Азырынча бул талап эксперименталдык режимде жана ыктыярдуу, бирок 2027-жылдан кийин билим алуу же иштөө максатында Россияга келгендер үчүн милдеттүү түрдө киргизүү маселеси талкууланууда.

- “Амина” тиркемеси: Жаңы санариптик миграциялык эсепке алуу куралы катары – “Амина” тиркемеси ишке киргизилген. Москва шаарына жана Москва облусуна иштөө үчүн келген чет элдик жарандар бул тиркеме аркылуу каттоодон өтүп, геолокациялык маалыматтарын берип туруусу зарыл.

- Акча которуудагы чектөөлөр: Чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандык жарандар айына 100 миң рублга чейин акча которууга уруксат алышат. Ал эми 1 млн рублден ашык сумма болсо, акча каражаттарынын келип чыгышын салык органдарынын алдында тастыкташы керек.

Андан тышкары, чет элдик жарандардын балдары үчүн орус тилин билүү талабы киргизилген. Мектепке киргенде балдардын тил билүү деңгээли текшерилип, тилди тийиштүү деңгээлде билбеген балдар мектепке кабыл алынбашы мүмкүн. Бул айрым учурларда үй-бүлөлөрдү өлкөдөн кетүүгө мажбур кылат.

Кыргызстандыктардын саны жана пайдалуу кеңештер

2025-жылдын аягындагы маалыматка ылайык, Россиянын аймагында 472 миң 336 кыргызстандык болсо, алардын 268 миң 460 адамы миграциялык каттоодо турат. Расмий статистика боюнча акыркы жылдары Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандарынын санынын азайышы байкалууда.

Россияга аттанууну пландап жаткан же ал жакта жүргөн жарандарга документтерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу сунушталат. Ошол эле учурда биздин жарандар жаңы миграциялык талаптар так аткарылып жатканы да белгиленген. Айрыкча, 90 күндүк мөөнөт ичинде бардык документтерди мыйзамдаштырып алуу маанилүү. Мекендештер Россиянын миграциялык бөлүмдөрүндө чоң кезектер көп экенин эске алып, “Госуслуги” порталы аркылуу алдын ала жазылууну унутпашы керек.

Жумушка орношуу үчүн ишенимдүү булактар:

  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштуруу борборунун социалдык тармактардагы расмий баракчалары жана расмий сайты: http://www.migrant.kg
  • Борбордун ишеним телефону: 1899
  • Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштурууга укугу бар жеке жумуш менен камсыз кылуу агенттиктеринин тизмесин текшерүү: https://migrant.kg/kg/

Чет өлкөгө жумушка чыгуудан мурун жеке жумуш берүүчү агенттиктердин лицензиясын сөзсүз түрдө жогорудагы сайттан текшерип алуу сунушталат. Мыйзамдарды билүү жана сактоо — ар бир жарандын коопсуздугунун кепилдиги.