Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 693,8 миллиард сомду түзүп, белгиленген пландан 27,9 миллиард сомго ашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин кирешелери 199,2 миллиард сомго көбөйгөн. Ал эми чыгашалары 589,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 189,1 миллиард сомго жогору болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышына да токтолду.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылы консолидацияланган бюджеттин планы 709 миллиард сом болсо, иш жүзүндө 1 триллион 104,3 миллиард сомду түзгөн. Натыйжада белгиленген пландан 395,3 миллиард сомго көп аткарылган.
Ошондой эле өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелери 673,2 миллиард сомду, чыгашалары 620,7 миллиард сомду түзүп, 52,4 миллиард сом профицит менен аткарылган. Мунун ичинде республикалык бюджеттин кирешеси 615 миллиард сомду, чыгашасы 564 миллиард сомду түзгөн.
Мамлекеттик бюджетке салыктык кирешелер 461,7 миллиард сомду, салыктык эмес кирешелер 189,5 миллиард сомду түзгөн.
Мындан тышкары, 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 444 миллиард сомго жетип, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 116 миллиард сомго көбөйгөн.
Анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 287,5 миллиард сом түшүп, кирешелер 32,3%га өскөн. Мамлекеттик бажы кызматынын түшүүлөрү 156,6 миллиард сомду түзүп, 32,3%га көбөйгөн.
Ал эми республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 227 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50,2%га өскөн.