Республикадагы маданий мекемелердин жетекчилери окуудан өтүүдө

Маданият 2610 13 Февраль 2025 09:28
IMG_2010.jpeg
IMG_2011.jpeg
IMG_2012.jpeg
IMG_2013.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2010.jpeg
IMG_2011.jpeg
IMG_2012.jpeg
IMG_2013.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Республикадагы маданий мекемелердин жетекчилери окуудан өтүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, 12-февралда Улуттук тарых музейинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкованын катышуусунда райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, музейлердин жана китепканалардын , жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын, балдар музыкалык, искусство жана көркөм өнөр мектептеринин, театралдык оюн-зоок мекемелеринин директорлоруна окуу өткөрүлдү.

Окуу тренинг суроо-жооп форматында өтүп, төмөнкү темаларды камтыды:

-Бюджетти пландоо жана аткаруу;

-Жаңы борборлоштурулган бухгалтердик эсеп тутуму;

-Ченемдик укуктук актылар;

-Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрү жана 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын негизги жоболору менен тааныштуруу”.

Белгилей кетсек, окутуу эки күнгө пландаштырылып, анда маданий мекемелердин жетекчилеринин уюштуруу иштеринин бардык темалары каралат.