Путиндин мамлекеттик сапары жогорку деңгээлде өттү – Кулубаев

Саясат Загрузка... 26 Ноябрь 2025 18:10
1746291437_zhjejenbek-kulubaev4567657ngshgrl.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге билдирди.

Ал белгилегендей, эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында 9 документке кол коюлду.

“Бүгүн, биргелешкен билдирүүгө жана 9 документке кол коюлду. Алар экономика, гуманитардык, укук коргоо, аскердик жана башка тармактарды камтыйт. Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы декларацияга кол коюлду. Бул эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин көрсөттү. Эки мамлекеттин ортосундагы байланыштар дагы да кеңейет. Эң башкысы биз стратегиялык өнөктөштүктү, эки тараптуу алаканы мындан ары да чыңдайбыз. Мында соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, биргелешкен инвестицияларды тартуу, КМШ, ЖКККУ, ЕАЭБ, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында колдоо көрсөтүү каралат. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келечектеги байланыш, кызматташуу мындан ары да жогорулай берет”, - деди ал.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев жолугушууда мигранттардын турмушун жеңилдетүү боюнча да маселелер көтөрүлгөнүн айтты.

“Мигранттардын каттоосун азайтуу, көзөмөлдөө реестрине түшкөндөрдү чыгаруу боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду. Тышкы иштер, Ички иштер министрликтерине тапшырма берилди. Мындан ары да биз бул боюнча активдүү иштейбиз”, - деди ал.