Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Президент 3763 08 Февраль 2025 10:25
1_F41MseX.original.jpg
26.original.jpg
25_oszf9BA.original.jpg
24.original.jpg
23.original.jpg
22.original.jpg
21.original.jpg
20.original.jpg
19.original.jpg
18.original.jpg
17.original.jpg
16_jBmVjb7.original.jpg
15_SZwLRol.original.jpg
14_5qhhzFL.original.jpg
13_OifgeCM.original.jpg
12_G4crmUS.original.jpg
11_ZmBlmnk.original.jpg
10_sE9eAX9.original.jpg
9_Pi7yXqM.original.jpg
8_4oMruNT.original.jpg
6_q61zC5m.original.jpg
5_vS1fD49.original.jpg
4_yoDATHn.original.jpg
3_B7JUsr1.original.jpg
2_ohdYduX.original.jpg
Алдыга
Артка
1_F41MseX.original.jpg
26.original.jpg
25_oszf9BA.original.jpg
24.original.jpg
23.original.jpg
22.original.jpg
21.original.jpg
20.original.jpg
19.original.jpg
18.original.jpg
17.original.jpg
16_jBmVjb7.original.jpg
15_SZwLRol.original.jpg
14_5qhhzFL.original.jpg
13_OifgeCM.original.jpg
12_G4crmUS.original.jpg
11_ZmBlmnk.original.jpg
10_sE9eAX9.original.jpg
9_Pi7yXqM.original.jpg
8_4oMruNT.original.jpg
6_q61zC5m.original.jpg
5_vS1fD49.original.jpg
4_yoDATHn.original.jpg
3_B7JUsr1.original.jpg
2_ohdYduX.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 4-7-февралда Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө президент Садыр Жапаров Пекинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. 

Андан соң Элдик жыйындар үйүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты. 

Андан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды. 

Ошондой эле мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтындагы Эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду. 

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Алар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелердин келечегин талкуулашты. 

Президент Садыр Жапаров Кытайга жасаган мамлекеттик сапардын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылыш аземине да катышты. Белгилей кетсек, жазуучунун бюстун кытайлык скульптор жасаган. 

7-февралда президент Садыр Жапаров Харбинде Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин жана аны мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашты. 

Андан соң мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алууга жана 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышты. 

7-февралда Кытайга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.