Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна старт берүү учурунда мугалимдер менен болгон жолугушууда мугалимдин азыркы жана жогорулатылгандан кийинки айлыгы жетер-жетпесин сурады.
Мугалим Садыр Жапаровдун суроосуна жооп берип, учурда 34 миң сом аларын, айлык көтөрүлгөндөн кийин 68 миң сом ала турганын айтты.
Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт.