Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Өлкө боюнча 75 музыкалык мектептин ар бирине музыкалык аспаптар боюнча кем карчыларын толуктасын деген максатта 1 млн сомго чейин каражат бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Талас районундагы музыкалык мектептерге да аталган суммада каражат бөлүнгөн.
"Музыкалык аспаптарды толуктап алсак, музыкага, өнөргө шыктуу балдарыбыздын талантын ачуу кыйла жеңилдейт деп ойлойм", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас шаарындагы көп тармактуу институтунун жаңы окуу имараты ачылганын белгиледи.
Анын айтымында, жаңы имарат аймакта жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.