Президент Кыргызстан тышкы карыздан качан толук кутуларын айтты

Элдик курултай
Президент Кыргызстан тышкы карыздан качан толук кутуларын айтты
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Мамлекеттин тышкы карызын 2035-жылдарга барып толук жаап бүтөбүз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.

Өлкө башчысы бул 30 жылдан бери алынып келе жаткан карыздар экенин белгиледи.

"2022-жылы 392 млн доллар, 2023-жылы 595 млн доллар, 2024-жылы 688 млн доллар, 2025-жылы 857 млн доллар төлөдүк. Эми кийинки жылы 1 млрд 48 млн доллар, 2027-жылы 1 млрд 277 млн доллар, 2028-2029-жылдары 1 млрд 326 млн доллардан, 2030-жылы 1 млрд 201 млн доллар төлөп, азайып баштайт экен. Ошентип акырындан азайып отуруп 2035-жылы тышкы карыздан толук кутулат экенбиз", - деди ал.