Президент, өкмөт ишкерлерди колдоп, жеңилдиктерди берүүдө – Кубатов

Коом Загрузка... 22 Январь 2026 10:54
WhatsApp_Image_2026_DxhxtDW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Президент, өкмөт өлкөдөгү жеке сектордун көйгөйлөрүн түшүнүп, жеңилдиктерди берип баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар подкастта” билдирди.

Анын айтымында, экономиканын өнүгүшүнө жеке сектордун салымы абдан жогору болгондуктан, жалпы экономика жеке секторсуз өнүгө албайт.

“Бир мезгилде өлкөдөгү жеке секторго абдан оор болгон. Мына акыркы жылдары тартип кирип, жеке секторду угуп, көптөгөн жеңилдиктер берилип баштады. Мисалы, азыр да салык, бажы түзүмдөрүндөгү реформалар бүтө элек. Жеке сектордун көйгөйлөрүн түшүнүп, азыр салык системасыны өзгөртүүлөр кирип жатат. Менин оюмча учурдагы салык түзүмү ишкердикти уга билүү менен реформа аркылуу каталарды оңдоп жатат”,- деди Кубатов.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мамлекеттик ишканалар абдан жакшы деңгээлге чыгып, ишкана жетекчилери да мыкты иш алып барып жатышканын кошумчалады.