Президент: Кийинки жылы Ошто таштанды иштетүүчү завод ачылат

Президент Загрузка... 15 Апрель 2026 22:55
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Кийинки жылы Ошто таштанды иштетүүчү завод ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Аталган райондун тургуну мамлекет башчысына жергиликтүү жашоочулар таштандыны өз унаалары менен ташып убара болуп жатканын айтып, таштанды ташуучу атайын техника бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Буга жооп катары президент унаа берилерин, андан сырткары келерки жылы Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирерин белгиледи.