Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кадамжай району – айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармагында чоң мүмкүнчүлүгү бар аймак экенин айтты.
"Аны дагы туура пайдаланып, өндүрүштү көбөйтүү керек. Сиздердин райондо өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө”, - деп белгиледи президент.