Президент Базар-Коргон районунун акимин алмаштырды

Кадрлар жана дайындоолор 31 март 2026 11:50
Президент Базар-Коргон районунун акимин алмаштырды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эдилов Талантбек Расабекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Бектуров Алтынбек Жунусович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.