Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Акыркы 4 жылда Кыргызстандын экономикасы болуп көрбөгөндөй темп менен өсүүдө, - деди президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сүйлөп жатып.
Мамлекет башчысы бул көрсөткүчтөр негизги тармактардын комплекстүү өнүгүшүнүн жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жыйынтыгы экенин белгиледи.
"Үч жылдын ичинде ИДПнын өсүү темпи 9,8 пайызга чейин жогорулады. Быйыл да экономикалык жигердүүлүк жогорку деңгээлде сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10,2 пайызды түзүп, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы ИДПнын өсүү темпи боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул — экономикалык саясатты натыйжалуу башкаруунун, улуттук стратегиянын негиздүүлүгүнүн, элдин тынымсыз эмгегинин далили", — деп баса белгиледи ал.
Президенттин маалыматына караганда, эгерде 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 1 трлн 93 млрд сомго жетти.
"Кыска тарыхый мезгил үчүн бул дээрлик 4 эсеге өсүш дегенди билдирет. Мындай динамикалуу өнүгүү бюджеттин чыңдалганынан жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын тууралыгынан кабар берет. Дүйнөлүк алдыңкы рейтингдик агенттиктердин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстандын суверендик кредиттик рейтинги В+ деңгээлине көтөрүлүп, өлкөнүн глобалдык имиджин жана инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө чоң кадам таштады. Бул өлкөнүн дүйнөлүк имиджин жана инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөдөгү чоң кадам болду", — деди Садыр Жапаров.