Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Учурда Кыргызстан менен Грузиянын союз учурунан бери келе жаткан достук мамилеси жаңы деңгээлге чыгууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев билдирди.
Ал өз сөзүндө Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий сапары менен Кыргызстанга келиши менен мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу потенциалы формалдуу эмес, конкреттүү түрдө кеңее тургандыгын белгиледи.
“Жогорку деңгээлдеги сапарлар негизи дипломатияда өзгөчө роль ойнойт. Бүгүнкү расмий сапар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерге өзгөчө бир түрткү болот. Экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи отруму кечээ болуп өттү. Биринчи отруму 2016-жылы Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн. Бирок, биз азыр союз учурундагы жакшы достук мамилелерибиз жаңы деңгээлге чыгып жатканын көрүп жатабыз”, - деди ал.
Осмоналиев Грузиянын туризм, коррупцияга каршы күрөшүү, ишкердикти өнүктүрүү багытындагы тажрыйбасы абдан маанилүү экендигин айтты.
“Белгилей кетсем, Грузияда туризм тармагы жакшы өнүккөн, менимче биздин аймакта биринчи орунда турат. Экинчиден коррупцияга каршы күрөштү реалдуу түрдө көрсөтүштү. Мисалы, БУУнун алкагында 193 өлкөнүн ичинде коррупция же ишкердик боюнча эл аралык рейтингдерде Грузия дайыма биринчи ондукка кирет. Бул өлкөдөгү реформалардын натыйжасы. Ал эми биз үчүн бул реформалардын тажрыйбасы абдан маанилүү. Мисалы, алар санариптештирүүнү бизге караганда 10-15 жылга эрте баштаган. Азыр бардыгы ачык-айкын, инвестициялык климаты абдан өнүккөн өлкө”,- дейт мурдагы элчи.