Ошто шаар күнүндө төрөлгөн бөбөктөргө белектер берилди

Аймак 6 октябрь 2026 16:45
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 5-октябрь — Ош шаарынын күнүндө шаардык төрөтканада төрөлгөн ымыркайлар үчүн сүйүнчү бокстар тапшырылды.

Мэриядан билдиришкендей, эң керектүү делген каражаттарды калаа башчысы өзү даярдап, эне жана балдардан кабар алып, белектерди берди.

Белгилей кетсек, Ош шаардык төрөт стационарында 5-октябрь күнү 38 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Жанарбек Акаев шаар күнү төрөлгөн бөбөктөргө белек берүү жөрөлгөсү жыл сайын уланарын билдирди.