Ошто окуучулардын коопсуздугун камсыздоого багытталган жыйын өттү

Аймак Загрузка... 19 Февраль 2025 13:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Ош шаарында окуучулар арасында рэкетчиликти, буллингди жана башка мыйзам бузууларды алдын алууга багытталган жыйын өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык милициясынын, билим берүү башкармалыгынын, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү жана шаардык мектептердин директорлору жана мугалимдер катышты.

Жыйында түшкөн суроо жана сунуштардын негизинде тиешелүү кызматтарга төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

- орто мектептерде ата-энелер комитеттери менен биргеликте, окуучулар арасында мектептеги рэкетчиликти, буллингди жана башка мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;

- балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зомбулуктарды болтурбоо, үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө диний уюмдардын (диний окуу мекемелери, мечиттер) өкүлдөрүнүн катышуусунда мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүү;

- үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун, ырайымсыз мамиленин, өз өмүрүнө кол салуунун алдын алууга, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого багытталган түшүндүрүү жана үгүт иштерин жүргүзүү;

- өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, укук бузуларды жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча тарбиялык видео тасмаларды иштеп чыгуу;

- мектептердеги видео камераларды инвентаризациялоо, жыйынтыгы боюнча алардын натыйжалуулугун күчөтүү;

- мектептерде жашы жете электер менен иштөөчү инспекциянын кабинеттерин ачуу.