Ошто мугалимдер 12,6 миң ноутбук менен камсыздалды

Президент 10 апрель 2026 18:40
Ошто мугалимдер 12,6 миң ноутбук менен камсыздалды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Ошто мугалимдерге 12,6 миң ноутбук таратылган. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, педагогдорду материалдык-техникалык жактан камсыздоо максатында мугалимдер ноутбуктар менен камсыздалып жатат.

“Бул демилгенин алкагында өлкө боюнча 47 миңден ашуун мугалим ноутбук менен камсыз болду. Анын ичинде Ош шаары жана Ош облусу үчүн 12 605 ноутбук бөлүнүп, аймактагы жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине таратылды. Бул аракеттер мугалимдердин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, билим берүү процессине заманбап технологияларды кеңири киргизүүгө жана окутуунун сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошууда”,-деди Жапаров.