Ошто капиталдык оңдоодон кийин төрөт үйү ачылды

Аймак Загрузка... 14 Февраль 2025 11:55
Bez_nazvaniya_4.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Ошто капиталдык оңдоодон кийин шаардык төрөт үйү ачылды.

Ош шаардык төрөт стационарынын башкы дарыгеринин орун басары Айжан Каныбекова "ЭлТР" телеканалына билдиргендей, былтыр августта башталган капиталдык оңдоо иштеринин алкагында эки операциялык бөлмө санитардык нормаларга ылайык оңдолду. Шаардык төрөт үйүнүн имараты толук оңдолуп, терезе-эшиктерин жаңыртуу менен бирге ымыркайлар үчүн бөлүм да кеңейтилди. Акыркы учурларда эрте төрөлгөн наристелердин саны өскөндүгүнө байланыштуу дагы эки бөлүм кошулган.

Ал эми Ош шаардык төрөт стационарынын башкы дарыгери Жеңишбек Тургунбаевдин айтымында, эми төрөт үйүндө төрөт кабыл алына баштайт.

"Азырынча татаал төрөттөрдү кабыл албайбыз, анткени татаал учурлар үчүн стерилдөөчү жабдуулар азырынча даяр эмес. Бизге эки төрөт залы кошулду. Жакынкы арада төрөт үйү толук кандуу иштей баштайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Ош шаардык төрөт үйү 30 жылдан бери бир да жолу толук оңдоодон өткөн эмес. 2024-жылы оорукананы оңдоого республикалык бюджеттен 52 млн сом бөлүнүп, оңдоо иштери былтыр август айында башталган.