Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Ош облусунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сапаттуу жана вируссуз көчөттөрүн өндүрүүчү заманбап in vitro лабораториясы курулат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, долбоорду 2027-жылдан тартып ишке ашыруу пландалууда.
Аталган маселе министрликтин Түркиянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда талкууланды. Тараптар көчөт өстүрүүдө заманбап биотехнологияларды колдонуу жана лабораториянын ишин уюштуруу маселелери боюнча сүйлөшүп, 2027-жылдан тартып вируссуз көчөттөрдү өндүрүүнү баштоого макулдашты.

Долбоор мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүүнү көбөйтүүгө, дыйкандарды сапаттуу көчөттөр менен камсыздоого жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө багытталган.